Мурдун сындырып алган Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Европа чемпионатынын башка беттештерине катышпайт

Мурдун сындырып алган Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Европа чемпионатынын башка беттештерине катышпайт. Эл аралык басылмалар жазышкандай, футболчу Австрия менен биринчи оюнда жараат алган.

 

Жолугушуу Франциянын пайдасына 1:0 эсебинде жыйынтыкталды. Алгач Мбаппенин мурдуна операция талап кылынары айтылган. Адистер белгилешкендей, Мбаппе плей-офф бөлүгүнүң оюндарына гана келе алышы мүмкүн, бирок атайын коргоочу беткап кийиши керек болот.