Нарын мамлекеттик университети дагы медицина кызматкерлерин даярдай баштайт

Нарын мамлекеттик университети дагы медицина кызматкерлерин даярдай баштайт. Сатыбалды Нааматов атындагы жогорку окуу жайда дарылоо иши факультети ачылды.

 

Маалым болгондой, бул факультетте болочок дарыгерлер алты жыл акы төлөп окуйт. Бюджеттик орундар да каралат. Абитуриенттерди кабыл алуу быйыл 20-июнда башталат.