Нарын облусунун Ат-Башы районунда социалдык дүкөн ачылды.
Бул тууралуу “Кабар” райондук администрацияга шилтеме келтирип билдирет.
Жардамга муктаждар үчүн ачылган аянт эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын
имаратында жайгашат. Бул жерге айылдыктар буюмдарды, кийим-кечек, бут кийим жана
башка керектүү нерселерди берсе болот. Өз кезегинде аз камсыздалган
үй-бүлөлөр муктаждыгына жараша алып кете алышат.