Нарындагы жаңы оорукана 25-августка чейин курулуп бүтүшү керек

Нарындагы жаңы оорукана 25-августка чейин курулуп бүтүшү керек.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында, учурда 70 орундуу медициналык мекеменин курулушу жүрүп жатат.

Жумушчулар эки нөөмөттө иш алып барышууда. Белгилеп кетсек, учурда өлкөнүн

ар облусунда жаңы ооруканалар курулуп жатат. Имараттар тез тургузулуучу

конструкция менен салынууда. Мындан улам жумуштар кыска мөөнөттө аяктап калат.