Ноокатта издөө-куткаруу иштери аяктап, калыбына келтирүү жумуштары башталды

Ноокатта издөө-куткаруу иштери аяктап, калыбына келтирүү жумуштары башталды. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жеринде 660тан ашык кызматкер жана 60тан көп техника иштеп жатат. Селдин кесепеттерин жоюу Көк-Жар, Гулистан, Кулатов, Исанов айыл аймактарында жүрүүдө.

 

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен 60ка жакын турак жай, көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген.

 

Табигый кырсыктан 10 адамдын өмүрү кыйылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.