Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны тогузга жетти

Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Селдин кесепетинен каза болгондордун саны жалпысынан тогузга жетти.

 

Бүгүн издөө иштерине кошумча 11 куткаруучу тартылган. Жалпы 53 куткаруучу иштөөдө. Мындан сырткары ИИМден 120 кызматкер, Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам тартылган. Жеринде жалпы 373 адам издөө иштерин улантууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.