Ноокенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ишке жалпы 150 адам, 12 инженердик техника тартылган. Ал эми эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда.

 

Эске салсак, кечээ кечки саат 17:30дар чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрүп, жалпы 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин жана 5 турак жайдын ичине суу кирген.

 

Табигый кырсыктан 10 жаштагы бала каза таап, 1 үй авариялык абалга кептелди.