Октябрь айынан бери жабык турган Сары-Кыр ашуусунда каттам ачылды

Октябрь айынан бери жабык турган Сары-Кыр ашуусунда каттам ачылды.

 

Нарын облусундагы Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы кар көчкүлөрдү, кар күрткүлөрдү жана жер көчкүлөрдү тазалоого атайын техника тартылып, трасса тазаланды.

 

Белгилеп кетсек, аталган ашуу жыл сайын октябрдан май айына чейин жабылат. Себеби, татаал аба-ырайынын шарттарына байланыштуу аны менен жүрүү кооптуу болуп эсептелет.