Ордо калаанын бир катар көчөлөрүнө электроэнергиясы берилбейт.
“Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Лулумба,
Сельсовет, Месарош, Керамический жана Широкий көчөлөрүндө,
«Арча-Бешик», «Ала-Арча», «Чон-Арык», «Ала-Тоо» жана «Ак-Ордо»
конуштарында жарык чектелет. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.