Ордо калаанын кайгуул милиция кызматы жарандарга үйлөрүнө жетип алууга жардам берүүдө

Ордо калаанын кайгуул милиция кызматы жарандарга үйлөрүнө жетип алууга жардам берүүдө. Эске салсак, кечээ маршруттук таксилер иш таштап, линияларга чыккан жок.

 

Аялдамаларда эл жыкжыйма болуп, автобус, троллейбустарда орун жок болуп атты. Андыктан, милиция кызматкерлери улгайган адамдарды жана балдары менен аялдарды үйлөрүнө жеткирип жатты.