Ош мэриясынын эки кызматкери кармалды

6-июнда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкар Пайзиев жана Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев кармалганы белгилүү болду. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, алардын бөгөт чарасы учурда Ош шаардык сотунда карала баштады.

 

Мэриянын эки башкармалыгынын жетекчиси тең Ош шаарында курулуп жаткан асфальт, бетон заводго байланыштуу кармалганы белгилүү болду. Олжобаевге Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгонун анын адвокаты Нурлан Капаров “Азаттыкка” билдирди.

 

Пайзиевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бериле элек. Ал 2022-жылы 15-декабрда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

 

Ош шаардык мэриясы жетекчилердин кармалышы тууралуу комментарий бере элек.