Ош облусунда сел аккан сайлардын жээктерин бекемдөө жана алдын алуу иштери кызуу жүрүп жатат

Ош облусунда сел аккан сайлардын жээктерин бекемдөө жана алдын алуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, облус аймагында быйыл жалпысынан

115 кооптуу объектиде иштер жүргүзүлөт. Учурда анын теңинде иштер аяктады.

Жумуштарга 3 миңден ашык габион торчолору жана 17 миң литр күйүүчү май бөлүнүп берилген.

Учурда Өзгөн районунун Өстүрүү айлында дамба курулууда.