Ош облусундагы Чайчы айылындагы оорукананын курулушу аягына чыгып калды

Ош облусундагы Чайчы айылындагы оорукананын курулушу аягына чыгып калды.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, медициналык мекеме 15 орунга чакталат.

Негизги жумуштар аяктады, эми мекеменин айланасын көрктөндүрүү, эмеректерди жана

жабдууларды орнотуу иштери калды. Стационарды түзүү каражат республикалык бюджеттен

бөлүнүп берилди. Күтүлгөндөй, медициналык мекеме жыл аягына чейин бейтаптарды кабыл алат.