Ош облусунун Чоң-Алай районунда этникалык кыргыздар үчүн шаарча пайда болот.
Эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу
үчүн Кашка-Суу аймагынан жер бөлүнүп берилди. Объектилердин башкы планы
түзүлүп, инженердик пландоо иштери аяктады. Шаарча учурда Талды-Суу айылында
жашап жаткан Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздарга арналат.