Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, 4 адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Селге агып кеткендердин үчөөнүн сөөгү табылды.
Бир адам дале изделип жатканы маалымдалды. Табигый кырсык кечээ Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жаандан кийин катталды.