Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 фельдшердик акушердик түйүн пайда болот.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Октябрь, Жоош, Чагыр,
Сүрөттүү-Таш жана Жаңы-Турмуш айылдарында иштер жүрүп жатат.
Объектилерди ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Долбоорлор жергиликтүү бюджеттен жана чет элдик донорлор тарабынан каржыланууда.