Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды. “Турмуш” жазгандай, добуш берүүгө шаардык кеңештин 30 депутаты катышты. Алар бир добуш менен жалгыз талапкерди колдоду.

 

Буга чейин шаардын мэри Кутугали Козубаев болчу. Ушул жылдын март айында ал ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен.