Ош облусунун Өзгөн районунда сел жүрдү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ катуу жааган жаандан улам каналдан суу ташып,
турак жайларды каптады. Жыйынтыгында Мырза-Аке айылындагы 5 үйдүн короолоруна суу толуп калды.
Жерине райондук куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери ишке тартылды.
Бүгүн каналды тазалоо иштери аяктап, суунун нугу бурулду.