Ош шаарында ковидге кабылган бейтаптарды дарылай турган акыркы “кызыл зона” жабылды

Ош шаарында ковидге кабылган бейтаптарды дарылай турган акыркы “кызыл зона” жабылды.

Бул тууралуу шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташполотов билдирди.

Анын айтымында, калаада акыркы айларда коронавируска кабылгандар кескин азайды.

Түштүк калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташууда. Эми мындан ары Ош шаарында жана

облусунда ковидге кабылгандар Баш-Булак айылындагы борбордо дарыланышат.