Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды

Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,

учурда имараттын пайдубалы түптөлө баштады. Бул медициналык жайда интенсивдүү

терапия жана реанимациялык орундар болот. Мекеме Ош шаарындагы жугуштуу оорулар

ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен салынат.

Учурда Бишкекте да ушундай оорукананын курулушу жүрүп жатат.