Ош шаарынын 3023 жылдыгы белгиленди

5-октябрда А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын 3023 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Шаар күнүнө карата чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт өттү.

 

Гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты.

 

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова, чет элдик ырчылар IN GRID, Хамдам Собиров, BAD BOYS BLUE, DJ BAKS 11 миңден ашык көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.