Ош шаарынын бюджетин аткарууда дээрлик 1 млрд сомдук каржылык бузуу аныкталды

Ош шаарынын 2022-жылкы бюджетин аткарууга жасалган аудиттин жүрүшүндө 945 млн 816 миң сомдук каржылык бузуу аныкталды. Бул тууралуу 31-майда Эсептөө палатасы кабарлады.

 

Мунун ичинен 395 млн 564,8 миң сом калыбына келтирилиши керек. Буга чейин 110 млн 98,9 миң сом калыбына келтирилген.

Маалыматта ар кайсы суммадагы каражаттар бюджеттик тутумуна которулбай калганы, максатсыз пайдаланылганы, бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо, мүлктү пайдалануудагы коромжу болгону жана башка мыйзам бузуулардан улам туура эмес иштетилгени айтылат.

Жалпысынан 10 мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзам бузуу, 6 бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин бузуу жана 9 башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл февралда Ош шаардык мэриясынын коллегиясына катышып, экинчи борбордогу бир эле окуу жай – Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) бюджети 4,1 миллиард сом экенин мисал келтирип, бүтүндөй Ош шаарынын бюджети 2,5 миллиард сом экенине токтолгон. Ал республикалык бюджетти көтөрүүдөгү механизмдерди чечмелеп, “жаңы идеяларды жана ыкмаларды киргизүү менен Ош шаарынын бюджетин да көбөйтүүнү” талап кылган.

 

Ош шаарынын бюджети 2015-2020-жылдары 900 миллион сомдон 1,3 млрд сомго чейин жеткен. Калаанын салыктык кирешеси жана салыктык эмес кирешелери 2021-жылы 1,4 млрд сом, 2022-жылы 1,9 млрд сом, 2023-жылы 2,3 млрд сомду түзгөн.

Атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттин кошумча жардамын (трансферттерди) кошуп санаганда Ош шаарынын бюджети 2021-жылы 1,6 млрд сом, 2022-жылы 2,3 млрд сом, 2023-жылы 2,9 млрд сомду түзгөн.

 

Шаардын 2024-жылга карата бюджети атайын каражаттарды кошуп санаганда 2 млрд 884 млн 956,2 деп бекитилген.