ОшМУда «Робототехника жана жасалма интеллект» борбору ачылды

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракеси белгиленди. Ага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров университеттин бюджети бүгүнкү күндө 4 млрд сомдон ашканын айтты.

 

Мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү жылына 130 млн сомдон ашат.

Акылбек Жапаров билим берүү тармагында рыноктун талаптарына жараша ишин уюштурууга, академиялык эркиндикке, университеттер билим берүүдөгү практика жана инновация менен айкалыштырууга багытталган бир топ иштер болуп, бул максатта билим берүү программаларын түп тамырынан өзгөртүүгө туура келип жатканын белгиледи.

 

«Университет 4.0″ билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыкты. Ал университетти окутууга, изилдөөгө жана башкарууга инновациялык ыкмаларды камтыйт. Университет бир гана билим бербестен өзүнүн жайгашкан регионунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүүнө түз таасир этиши керек», -деди ал.

 

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулуп, ОшМУнун Бизнес паркынын 39 стартап долбоору , 67 бизнес компания жана 10го жакын  Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

 

Мындан тышкары окуу жайда «Келечек муундун ХАБы» (Next Generation HUB) борбору ачылды. Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат.

500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан 5 млн АКШ долларына робототехникалар жана жабдуулар алынган.

Ош мамлекеттик университетине «өзгөчө» статус берилген.