Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда.
Мамлекеттик экотехинспекциядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө шаарды
көрктөндүрүү долбоорунун алкагында курулуштун 1-этабы жүрүп жатат.
Коруктун аймагындагы 75 объекти түрттүрүлүп, узундугу 5 чакырымды
түзгөн тротуар жана веложолчо курула баштады. Иштер Вахапов
көпүрөсүнөн Токтогул сейил багында жайгашкан көпүрөгө чейин аткарылууда.