Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Бүгүн, 21-июнда “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду.
Аны менен 96 жүргүнчү учуп келди. Июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан каттамдар күн сайын аткарылат деп пландалууда.