Португалияда карантинден кийин мектептер жана музейлер ачылды

Португалияда карантинден кийин мектептер жана музейлер ачылды. Маалыматка ылайык, коронавирус жайылганына байланыштуу январда карантин киргизилген. Эми чектөөлөр акырындык менен алына баштады.

 

Бирок коомдук жайларда бет кап кийүү жана аралыктан иштөө талаптары сакталууда. Белгилеп кетсек, Португалияда пандемия башталгандан бери коронавируска 823 миңден ашык адам кабылды.