Россияда бир күндө 11 миң адамдан коронавирус табылды

Россияда  соңку бир сутка ичинде 11 012 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу 10-майда вируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, вирус аныкталган бейтаптардын 42 пайызында илдеттин белгилери байкалган эмес.

 

Ушуну менен Россияда өпкөнү сезгенткен коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 210 миңге чукулдады. Акыркы бир күн ичинде 88 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Өлкөдө вирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1915 кишиге жетти.

 

Россияда  3-майдан бери бир күндө аныкталган учурлардын саны 10 миңден азайбай жатат. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү баш калаа Москвада катталууда. Бир күн мурда Москванын бийлиги карантин чараларын 31-майдын аягына чейин узарткан. Санкт-Петербург шаары тургундарын беткап кийип жүрүүгө милдеттендиргени жатат.