Россияда чет өлкөлүк студенттерге кадимки режимде окуусун улантуу үчүн уруксат берилиши мүмкүн

Россияда чет өлкөлүк студенттерге кадимки режимде окуусун улантуу үчүн уруксат берилиши мүмкүн.

Учурда бул маселе каралып жатат, — деп билдирди Мамдуманын билим берүү комитетинин төрагасынын

орун басары Максим Зайцев. Анын айтымында, расмий сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ушул жумада

белгилүү болуп калат. Эске салсак, Россия март айында чет өлкөлүк жарандардын киришине тыюу салган.

Өткөн айда айрым категориядагы жарандарга гана уруксат берилди.