Россияда кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны эки эсе кыскарды

Россияда кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны эки эсе кыскарды. Учурда бул өлкөдө 411 миңден ашуун кыргызстандык бар экенин Эмгек жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин аталган мамлекетте 1 миллионго жакын кыргыз жараны болгон.