Россияда массалык эмдөө башталат

Россия президенти Владимир Путин эмки жумада коронавирустан жапырт эмдөө ишин баштоону, бардык орусиялыктарды ал программага камтууну тапшырды.

Президент 13-январда өкмөттүн онлайн жыйынында жергиликтүү препаратты «дүйнө боюнча эң мыкты» деп атап, «Sputnik V» вакцинасын чыгарууну көбөйтүш үчүн инфратүзүмдү даяр кармоо зарыл экенин белгиледи.

 

COVID-19 илдети жуккан адамдардын саны жагынан Россия дүйнөдө 4-орунда турат. Кеңири эмдөө вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү баскычы аяктай электе эле өткөн айда башталган.

 

Вице-премьер-министр Татьяна Голикова бийлик эмдөө программасын кеңейтүүгө 18-январда даяр болорун айтты. Маалыматка караганда, 1,5 миллион орусиялык «Sputnik V» менен эмделди.

 

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 3,4 миллион киши вирусту жугузуп алды, 63 миңден көп бейтап көз жумду. Бирок айрым булактар расмий статистикага кирбей калгандар көп дешет.

 

12-январда АКШ бийлиги да вакцинация программасын күчөтө турганын билдирген.