Россияда жай күнүндө кыш келди

Россияда жай күнүндө кыш келди. Региондордо кар жаап жатат. Мындай абал өзгөчө Коми республикасында катталды. Бир нече саатта эле жашыл шибер, гүлдөп жаткан бактар жана гүлдөр кар алдында калды.

 

Ушундай эле көрүнүш Магаданда дагы болуп жатат. Шаардын көчөлөрүндө кар күрткүлөр пайда болуп, калын кардан жолдор да көрүнбөй калды. Бирок аба табы + белгиси менен болгондуктан, кар көпкө турбай, ээрип жатат.