Россиянын ички иштер министрлиги өлкөдө мигранттарга берилген
убактылуу жашоо уруксаатын жокко чыгарууну сунуштады.
Ведомствонун сайтында жайгашкан мыйзам долбоорго ылайык,
өлкөдө жүрүүнүн 3 режими киргизилиши ыктымал: кыска
мөөнөттүү – 1 жылда 90 күнгө чейин, узак мөөнөттүү 1 жылда
3 айдан көп жана ар дайым. Мигранттар маалыматты
электрондук бирдиктүү документ менен алышы керек болот.
Убактылуу жашоого уруксаат алуудан баш тартуу, бул,
Россия жарандыгын алууга биринчи кадам.