Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Россиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп Сергей Вакунов дайындалды. Путиндин жарлыгы Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

Россиянын Кыргызстандагы мурунку элчиси Николай Удовиченконун элчилик миссиясы аяктаганы кабарланган. Ал 2019-жылдан бери элчи болуп иштеген.

Жаңы дайындалган элчи Сергей Вакунов буга чейин Россия Федерациясынын президентинин башкармалыгында Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча референт кызматында иштеген.

Россия — Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү. Эки өлкө Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) сыяктуу бир катар уюмдара мүчө.