Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды

Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-июнда кол койгон. Ал буга чейин «Салык сервис» мамлекеттик мекемесинин директору болчу.
Эске салсак, Салык кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Адилет Дубанаев коррупцияга шектелип УКМК тарабынан 21-июнда кармалган.