Салык отчетторун автоматтык түрдө түзүү боюнча онлайн сервис ишке кирди

Салык отчетторун автоматтык түрдө түзүү боюнча онлайн сервис ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

 

Сервисти колдонуу үчүн салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Е-отчеттор» бөлүмүнөн «Макулдашууну» түзүү керек. Документти түзүүдө отчеттун, иштин түрүн жана аймактык салык органын көрсөтүү керек.

 

Мындан тышкары, туура эмес маалыматтар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жана отчетту кол менен толтуруу мүмкүнчүлүгү каралган. Жаңы кызмат ишкерлер үчүн бирдиктүү салык боюнча отчетторду даярдоону жана тапшырууну кыйла жөнөкөйлөтөт деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.