Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2,7 тонналык жардамдын курамы турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөн турат.
Эске салсак, 28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1 миң 300 адам эвакуацияланган. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.