Шашылыш билдирүү. Кыргызстанда унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Шашылыш билдирүү. Кыргызстанда унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 10-15-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу, Красная Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкеси,  Кара-Гөө ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолдору тайгак болуп, муз тоңот.

Мындан улам, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.