Сокулук районунда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Сокулук районунда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен жеңил машиненин айдоочусу Бишкек-Кара-Балта каттамындагы маршруттук такси менен кагылышты.

 

Соккудан жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ошол жерден жан берди. Дагы 7 адам жабыркады. Милиция авариянын себебин тактап жатат.