“Сосновка” өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” көзөмөл-өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды.

Бул тууралуу Novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан

билдиришти. Маалыматка ылайык, түйүндөн жеңил унаалар эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Ал эми

оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына уруксат аба-ырайынын шарттары жакшырганда

берилет. Жеринде инерттүү материал себилип, жолчулар тилкелерди кардан арылтышууда.