Түндүк – Түштүк альтернативалык унаа жолундагы туннелди куруу иштери уланууда.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Көк-Арт аркылуу өткөн туннелдин
узундугу 4 чакырымга жакын. Учурда анын 2,5 чакырымы казылып бүтүп, 1 чакырым калды.
Андан тышкары, туннелдин жанына кошумча туннель салынууда. Өзгөчө кырдаал жаралса
кошумча жол аркылуу унааларды жана элди эвакуация кылууга мүмкүн болот. Учурда жумуштар
күнү-түнү жүрүп жатат. Туннелди 2022-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.