Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2023-жылы аяктайт

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2023-жылы аяктайт. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор 3 этапка бөлүнгөн. Ар биринде иштер график боюнча аткарылууда.

 

Ведомстводон белгилешкендей, трасса колдонууга берилгенден биринчи оңдоо иштерине чейин 18 жыл кызмат кылат. Эске салсак, жалпы узундугу 400 чакырымдан ашкан альтернативалык жолдун курулушу 2014-жылы башталган.