Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы жарыяланды

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы жарыяланды.

Дүйнө этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган билдиргендей,

оюндарга дүйнөдөн 1,5 миллионго жакын турист жана спортчу келиши күтүлүүдө.

Калаада атайын ипподром, стадион жана спортчулар үчүн шаарча курулат. Белгилеп кетсек,

коронавирус пандемиясынан улам быйыл Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары

2021-жылга жылдырылды. Иш-чара Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Ал 3 ирет биздин өлкөдө өткөн. 2018-жылы оюндарга 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.