Таласта мыйзамсыз иштеген медресе жабылды

Талас облусунда «Маданият борбору» кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынып алып, диний окуу жайын мыйзамсыз иштетүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

 

УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдарга жана агымдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас облусунун Талас районундагы А.Огомбаев айылында мыйзамсыз медресе аныкталды.

 

Тактап айтканда, медресе тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтпөстөн, диний окуу жайларга карата белгиленген нормаларды жана талаптарды бузуу менен иштеп келген. Анда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамды бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар билим алышкан.

 

Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат базасында «Маданият борбору» мекемеси диний окууларды жүргүзүү укугуна ээ болгон тизмеге кирген эмес.

 

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.