Таластын Бакай-Ата районунда мектептин курулушу аяктады

Таластын Бакай-Ата районунда мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси Ынтымак айылында жайгашат.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, ал 2 кабаттан туруп, 375 окуучуга чакталат. Имаратта окуу кабинеттеринен тышкары компьютердик класс, спорт зал, ашкана бар. Мектептин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен  бөлүнгөн.