Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөртүлдү

Президент Садыр Жапаров айрым аймак-айылдардын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Талас облусундагы Кара-Буура району Айтматов болуп алмашты.

 

Аталган райондогу Чымгент айылы Чолпонбай болуп өзгөрдү.

 

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын аталышы Ормон-Хан болду.

 

Оштун Ноокатындагы Борбаш айылы мындан ары Кайрагач деп аталат.