Таластын мектептери бүгүнтөн тарта аралыктан окууга өттү

Таластын мектептери бүгүнтөн тарта аралыктан окууга өттү. 24 агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүүнүн мындай форматы  10-майга чейин уланат.

 

Эске салсак, бүгүн ошондой эле, эпидемиологиялык абалга байланыштуу Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын мектептери дагы онлайн форматка өттү. Бишкекте мектептердин бир бөлүгү аралыктан иштеп жатат.