Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү

Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн  кыска мөөнөттүү жаандан кийин кокту-колоттордон аккан суу Таш-Көмүр шаарынын Токтогул, Зелин көчөлөрүндөгү турак үйлөрдүн короолорун каптады.

 

Жерине 4 куткаруучу тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.