Туруксуз аба-ырайы көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратты

Туруксуз аба-ырайы көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын облусунун Жумгал районунда жаан-чачындан улам сел жүрдү.

 

Суу Чаек айылында 5 үйдү жана 11 короо жайды каптады. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катуу шамал 10 турак-жайды жана мектепти чатырсыз калтырды.

 

Ал эми Чүй облусунун Беловодск айылында катуу шамал №45 колониянын чатырын учурда. Учурда жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.