УБ: Өлкөдө накталай доллардын жетишсиздиги спекуляциядан улам келип чыкты

Кыргызстандын ички валюта рыногунда накталай доллар жетишсиз болгондуктан, жарандар банктардан да, акча алмаштыруучу жайларынан дагы чет элдик валютаны сатып алууда кыйынчылыктарга туш болушууда.

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси валюта тартыштыгын банктарда накталай акчага айлантып, өлкөдөн сыртка алып чыгуучу рублди жана накталай эмес долларды Кыргызстанга алып келүү жана которуу боюнча спекуляциялар менен түшүндүрүүдө.

Белгиленгендей, мындай операциялардын максаты рубль менен доллардын курсунун айырмасынан улам, алып-сатарлык киреше алуу.