УКМК Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорун кармады

Өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

 

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алганы үчүн Дене тарбия жана спорт департаментинин жана департаменттин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын төмөнкү кызмат адамдары кармалды:

— дирекциянын директору Э.У.Т.,

— дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К.

— Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д.

 

Аталган жооптуу кызмат адамдары, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан «Көк-Бөрү», «Кыргыз улуттук классикалык күрөш», «Алыш бел боо күрөш», «Салбуурун», «Кулатуу», «Ат оюндары» федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөрүлгөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак-ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында, тиешелүү болгон ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.